ПКК террористтерине карай жүргүзүлгөн операциялар...

22-28-декабрь күндөрүнүн аралыгындагы операцияларда ПККнын 53 террористи жок кылынды.

879251
ПКК террористтерине карай жүргүзүлгөн операциялар...

Жикчил террор уюму ПККга карай операцияларда акыркы бир жумада 53 террорист жок кылынды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн жарыясында Диярбакыр, Битлис, Тунжели, Батман, Мардиндин элет жерлери жана Ирактын түндүгүндөгү операциялардын уланып жатканы билдирилди.

22-28-декабрь күндөрүнүн аралыгындагы операцияларда ПККнын 53 террористи жок кылынды.

Айрыкча 14 жөө аскер мылтыгы, 1 РПГ-7 гранатомед, 1 тапанча, 3 аңчы мылтыгы менен 75 кг аммоний нитрат, 6 граната, 3184 ок, 7 минометтун огу, 1 замбиректин огу, 12 РПГ-7нин огу, 15 РПГ-7 гранатомедго багыт берүүчү салют колго түшүрүлдү.

14 даана колго жасалган жарылуучу зат белгиленип зыянсыздаштырылды.

Операцияларда ПККга таандык 54 курал жайгашкан жай, баш калкалоочу, жашынуучу жайлар, үңкүрлөр жана курал сактоочу жайлар талкаланды.

Террор уюму ПККнын киреше булагы болгон 185 миң 10 куту контрабанда менен келген тамеки да табылды.

Муну менен бирге 22-28-декабрь күндөрүнүн аралыгындагы операцияларда 3 аскер шейит болуп, 9 аскер жаракат алды.



Тектеш кабарлар