Түркиянын АКШга жообу...

Түркиянын Вашингтондогу Элчилигинен АКШнын жарыялоосуна түзөтүү жасалды...

877869
Түркиянын АКШга жообу...

Түркиянын Вашингтондогу Элчилигинен АКШнын жарыялоосуна түзөтүү жасалды...

Элчилик, Түркияда сот процесси уланып жаткан делолор туурасында АКШга кандайдыр бир кепилдик бербегенин билдирди.

Түрк өкмөтүнүн эч кандай кепилдик бербегенин баса белгилеген Элчилик, коомдук пикирдин жаңылыш маалыматтандырылбашы керектиги боюнча эскертти.

Бул тема тууралуу билдирүүдө: «АКШнын билдирүүсүндө сөз болгон кепилдиктер туурасында; Түркиянын укук мамлекети экенин, сот процесси уланып жаткан делолор тууралуу Өкмөтүбүздүн кандайдыр бир кепилдик бербегенин, өлкөбүздөгү эч бир өкүлчүлүк кызматкеринин өзүнүн расмий милдетинин талабынан улам кылмыштык териштирүүдө болбогонун белгилей кеткибиз келет. Мындан мурда да көңүл бурганыбызга карабастан, АКШнын Түркиядан кепилдик алганын айтып чыгып Түркия жана Америка коомчулуктарын жаңылыш маалыматтандыруусун туура деп таппайбыз»,делди.

Анда айрыкча эки тараптуулук принцибинин алкагында АКШнын атуулдарына виза чектөөлөрүнүн жоюлганы белгиленди.

АКШнын Анкара Элчилигинин жазуу түрүндөгү жарыясында «берген кепилдигине баш ийгенин» айткан Түркия жарандарына виза чектөөсүнүн жоюлганы билдирилген.

Эки өлкөнүн ортосундагы виза кризиси октябрь айында башталган.



Тектеш кабарлар