Түркиянын Орусиядан талабы

Исмаиль Кахраман менен Вячеслав Володин жолугушту.

875021
Түркиянын Орусиядан талабы

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаиль Кахраман, Орусия менен виза режиминин жеңилдетилишин талап кылды.

Кахраман Пакистандын борбор шаары Исламабадда Түркия, Орусия, Ооганстан, Иран жана Кытай парламенттеринин төрагаларынын катышуусунда өткөрүлгөн Терроризмге каршы күрөшүү жана аймактык кызматташуу темалуу конференциянын алкагында Орусия Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.

Кахраман: «Түрк жарандары үчүн Орусия менен виза режиминин жеңилдетилишин каалайбыз»,-деди.

2017-жылы туризм тармагында өнүгүү болгонун жана Орусиядан Түркияга келген туристтердин санынын 4 миллиондон ашканын баяндаган Кахраман: «2019-жыл Орусия менен Түркиянын ортосунда маданият жана туризм жылы деп жарыяланды. Бул өзгөчө жылдын өлкөлөрүбүздүн ортосундагы карым-катнаштарды бекемдешин үмүт кылабыз»,-деп айтты.

Кахраман Москвада Түрк маданият борборун ачууну каалагандарын да баса белгиледи.

Бир тараптан Володин, Кахрамандын чакыруусу боюнча бир канча орусиялык эл өкүлүнүн 2018-жылы Түркияга сапар жасай тургандарын билдирди.

Москва менен Анкаранын ортосундагы карым-катнаштардын өнүккөнүнө көңүл бурган Володин, бул эл өкүлдөрүнүн эки өлкөнүн лидерлери түзгөн келишимдерге байланыштуу мыйзамдык маселелерди таасирдүү түрдө чечүүлөрү керектигин баса белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар