Эрдогандын Африка өлкөлөрүнө сапарлары бүгүн башталат...
Эрдоган, бүгүн жана эртең Суданда болот, 26-декабрда Чад жана 27-декабрда Туниске расмий сапар менен барат.
![Эрдогандын Африка өлкөлөрүнө сапарлары бүгүн башталат...](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2e1f/8b45/13fa/5a3c13251f31e.jpg?time=1718509484)
Президент Режеп Таййип Эрдоган Африка турун бүгүн баштайт...
Эрдоган, бүгүн жана эртең Суданда болот, 26-декабрда Чад жана 27-декабрда Туниске расмий сапар менен барат.
Президенттиктин басма сөз борборунан берилген маалыматка ылайык Түркия менен тарыхый жана маданий карым – катнаштарга ээ бул үч өлкөдө өткөрүлө турган жолугушууларда эки тараптуу карым – катнаштар жана кызматташтык менен бирге аймактык жана эл аралык абалдар тууралуу пикир алышууларда болот жана келишимдерге кол койот.
Президент Эрдогандын сапарынын негизинде өткөрүлө турган иш форумдарында түрк ишкерлери да жергиликтүү кесиптештери менен жолугушуп кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышат.
Президент Эрдогандын Судан менен Чад сапарлары Түркиядан бул өлкөлөргө президенттик деңгээлде жасалган расмий сапар болушу жактан тарыхый мааниге ээ болууда.
Эрдогандын Туниске жасай турган сапары болсо 2012- жылдан бери Түркиядан Туниске президенттик деңгээлде алгачкы сапар болот.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/888d/9070/c1aa/666d4c619aedd.jpg?time=1718509485)
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.
![Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/b784/abba/cbc3/666d48ce9841e.jpg?time=1718509485)
Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.