Англис элчи түрк аба жолдоруна рахмат айтты

Ричард Мур постунда англис жан түрк тилинде : "Үйгө кайтууда бизди абдан жакшы тейлеши. Рахмат айтабыз",- деп жазды.

871893
Англис элчи түрк аба жолдоруна рахмат айтты

 

Түрк аба жолдорунун башкы директору Билал Экши твиттерден Англиянын мурунку Анкара элчиси Ричард Мурдун учак саякатынан улам түрк аба жолдоруна рахмат айтуусна жооп берди. Мур твиттерде учактагы жүргүнчүлүгүндө тартырлган сүрөттөрүнө орун берип, англис жана түрк тилинде "Үйгө кайтууда бизди абдан жакшы тейлеши. Рахмат айтабыз",- деп жазды. Ричард Мур постуна түрк аба жолдорунун башкы директору Экши менен аба жолу фирмасынын расмий  сайтын да кошту. 

Буга жооп берген Экши : "Урматтуу элчи Анадолу ар дайым конокторун кудай конок катары кабыл алып узатты. Түрк аба жолу катары ушул маданият менен жүргүнчүлөрүбүздү узатып жатабыз. Урматтуу Мур сизге рахмат. Саламатта болуңуз",- деди. Мур менен Экшинин ортосундагы диалог социалдык медиада миңдеген жолу окулду. 

 

 



Тектеш кабарлар