Түрк куралдуу күчтөрү операцияларын улантууда

Террористтер менен күрөшүүнүн негизинде  8 – 14 -  декабрда жүргүзүлгөн операцияларда 39 террорист өлтүрүлдү.

869522
Түрк куралдуу күчтөрү операцияларын улантууда

Террористтер менен күрөшүүнүн негизинде  8 – 14 -  декабрда жүргүзүлгөн операцияларда 39 террорист өлтүрүлдү. Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматта түрк куралдуу күчтөрүнүн өлкөнүн жана калктын коопсуздугун түзүү максатында өлкө ичинде ПКК/КЖК террордук уюмуна каршы күрөштүн чечкиндүүлүк менен улантылып жаткандыгы белгиленди. Маалыматка ылайык Диярбакыр, Мардин, Тунжели, Сиирт, Шырнак, Битлис, Батман менен Ирактын түндүгүндө Зап, Авашин  -  Басян жана Хакрук аймактарында 8 – 14 -  декабрда түрдүү операциялар жүргүзүлдү.

Операцияларда 39 террорист өлтүрүлүп, көп сандаган ок  - дары менен көп сандаган курал жарак колго түшүрүлдү. Террористтер тарабынан колдонулган 63 курал буктурмасы, баш калкалоочу жер, үңкүр  жардырылды. Операцияларда аныкталган 27 колдо жасалган бомба жардырылды. Анын тышында 112 килограмм 500 грамм банги зат, 103 миң 500 пакет тамеки, 3 миң 95 литр күйүүчү май колго түшүрүлдү. Чек ара аймактарындагы текшерүүлөрдө мыйзам тышы жолдор менен өтүүгө аракет кылган  8 миң 892 киши кармалды.



Тектеш кабарлар