Борбору Чыгыш Кудус болгон көз карандысыз Палестина мамлекетинин таанылышы үчүн аракет кылынат

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу борбор шаары Чыгыш Кудус болгон көз карандысыз Палестина мамлекетинин таанылышы үчүн бардык аракеттин аткарыларын айтты

868674
Борбору Чыгыш Кудус болгон көз карандысыз Палестина мамлекетинин таанылышы үчүн аракет кылынат

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу борбор шаары Чыгыш Кудус болгон көз карандысыз Палестина мамлекетинин таанылышы үчүн бардык аракеттин аткарыларын айтты. Чавушоглу жана Мальтанын тышкы иштер жана сооданы өнүктүрүү министри Хон Кармело Абела менен Анкарада биргелешкен пресс – жыйын өткөрдү. Европада Палестинаны таанууну каалаган өлкөлөр экендигин баса белгилеген Чавушоглу : «Дүйнөдө олуттуу бир чечкиндүүлүк бар. Мында ийгиликтүү болушубуз керек. Ислам Кызматташтыгы Уюмунун саммитинде бир жол дагы көрүндү. Чыгарган чечимдер да тышкы иштер министрлеринин кеңешинде да бар, орток декларацияда да бар»,- деди. Орусиядан алына турган S – 400 абадан коргонуу системалары тууралуу да маалымат берген Чавушоглу : «S – 400 тууралуу маселе жок. Келишим түзүлдү. Бир бөлүгү бар. Бүткөндө балким бул жуманын ичинде кол коюлат. Атомдук станциянын курулушунда өз адис жана  инженерлерибизге кандай билим берип жаткан болсок, ошондой эле  S – 400төрдүн курулушу жана колдонулушу тууралуу аскердик жана жарандык кызматкерлерибизди жетиштиребиз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар