Түндүк Корея ядролук куралдануу аракетин токтотушу керек

Түштүк Кореяда расмий жолугушууларды өткөргөн Бинали Йылдырым, кечсиптеши Ли Нак-Йон менен Премьер-министрлик имаратында жолукту.

862392
Түндүк Корея ядролук куралдануу аракетин токтотушу керек

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Түндүк Кореянын ядролук куралдануу аракетин токтотушу керектигин белгилеп кетти.

Түштүк Кореяда расмий жолугушууларды өткөргөн Бинали Йылдырым, кечсиптеши Ли Нак-Йон менен Премьер-министрлик имаратында жолукту.

Йылдырым өз алдынча жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийинки биргелешкен маалымат жыйынында Түркия менен Түштүк Кореянын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын түзүлгөнүнүн 60 жылдыгын эске салып, жолугушууларда эки өлкөнүн карым-катнаштарын бардык жагынан карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн тапкандарын айтты.

Түштүк Кореянын белгилүү чоң фирмаларынын Түркияда өнөктөштөрү менен жаңы долбоорлорду өнүктүрүшү темасында макулдашкандарын түшүндүргөн Йылдырым, бул фирмалардын Түркияга сала турган түздөн-түз инвестицияларынын жалгыз гана Түркиянын базарын эмес, Түркиянын айланасындагы 60 өлкөнү, 1,5 миллиард калктуу жана 30 триллион доллардык дүң продукцияны кызыктырганын маалымдады.

Аймактык темаларды да талкуулоо мүмкүнчүлүгүн тапкандарын белгилеген Йылдырым: «Түндүк Кореянын ядролук куралдануу аракетинин токтотулушу жана БУУнун токтомдоруна, эл аралык укукка терс түшкөн үгүттөөчү мамилелеринин соңуна чыгарылышы жана диалог жолу менен аймакта тынчтыктын камсыздалышынын маанисин айттык. Түркия катары ар дайым бул темада Корея Республикасын колдогонубузду дагы бир жолу айткым келет»,-деди.

БУУ, Чоң жыйырмалык сыяктуу эл аралык мекемелерде Түштүк Корея менен Түркиянын чогуу иш-аракет кылганын, эки өлкөнүн жакын алакасы бар экенин белгилеп, «Өзгөчө эл аралык террор жана Түркия туш болгон качкындар маселеси Сирия, Ирак жана аймакта болуп жаткан ыраатсыздыктар, террор менен күрөшүү темаларын кеңири түрдө карадык»,-деп айтты.

Түштүк Кореянын премьер-министри Ли менен жемиштүү жана конструктивдүү сүйлөшүү өткөргөндөрүн айткан Йылдырым, Ли Нак-Йонду Түркияга чакырды.

Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак-Йон да, Түркия менен Корея жарым аралында тынчтыктын түзүлүшү үчүн чогуу иштөө чечимин чыгаргандарын билдирди.

Ли, жолугушууларда Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сыноосу, эки өлкөнүн ортосундагы экономика, энергетика, транспорт жана инфраструктура тармактарындагы кызматтыштыгын карагандарын белгилеп, эки тараптын тең сөз болгон ракета сыноосунун себебинен санааркагандарын айтканын маалымдады.

Ли, Түндүк Кореянын ядролук куралдардан арылтылышы, Корея жарым аралынын куралсыздандырылышы жана ядролук маселенин тынчтыкчыл жана дипломатиялык жолдор менен чечилиши үчүн эл аралык коомчулуктун бирге кыймыл кылып күчтүү билдирүүлөрдү жолдошу керектиги темасында Түркия менен бирдей пикирде экендиктерин айтты.

Түркиянын Корея согушунан бери өздөрүн колдоп келгенин жана Түндүк Корея кризиси менен катар ар дайым Сеул бийлигин колдогондорун эске салган премьер-министр Ли, колдоосунан улам Түркияга ыраазы болгондорун айтты.

Кореянын Түркия менен кызматташтык тармагына да токтолгон премьер-министр Ли, Евразия тоннели жанат үчүнчү Босфор көпүрөсү долбоорлорунун эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын ийгиликтүү үлгүлөрүнүн арасында орун алганын баса белгилеп, Чанаккале көпрөсүнүн бүтүрүлүшү темасында кызматташуусунун уланганын белгиледи.

Өкмөт башчы Йылдырым, Түштүк Кореянын алдыңкы айрым фирмаларынын жогорку жетекчилерин өз-өзүнчө кабыл алды.

Капиталдары миллиарддаган долларга жеткен фирмалардын өкүлдөрүн кабыл алган жыйналышта Йылдырым, Түркиядагы инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар