Ибрахим Калын Стамбулда Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз лидерлер саммитинин өтөрүн билдирди

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын тарыхы, дини жана укуктук статусу боюнча Израилдин борбор шаар деп жарыяланышынын абдан чоң жаңылыштык болорун айтты.

862638
Ибрахим Калын Стамбулда Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз лидерлер саммитинин өтөрүн билдирди

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын тарыхы, дини жана укуктук статусу боюнча Израилдин борбор шаар деп жарыяланышынын абдан чоң жаңылыштык болорун айтты.

Ибрахим Калын борбор шаар Анкарада Бештепеде өткөргөн пресс – жыйынында АКШнын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары кабыл алуу чечиминин эл аралык мыйзамга тескери экендигин белгилеп : «Иерусалим  биздин сыймыгыбыз. Иерусалим биздин орток дообуз, кечээ урматтуу президентибиз да айткандай биздин кызыл сызыгыбыз»,- деди.

Тарыхы, дини жана  укуктук ойлору, көз караштары менен бирге Иерусалимдин азыркы учурдагы статусунун сакталышы жана Израилдин мүлкү сыяктуу  чагылдырылышынын абдан чоң жаңылышты алдына алуу тууралуу ташталышы керек болгон кадамдар экендигин баса белгилеген Калын : «Ансыз да азыркы учурда алсыз болгон Жакынкы Чыгыш тынчтык процессин ортодон жок кыла турган бул маанилүү жаңылыштыктан Америка өкмөтүн дароо кайтууга чакырабыз»,- деди.

Президент Р. Т. Эрдогандын чечимге каршылык көрсөткөндүгүн жана Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас башта болуп араб дүйнөсүнөн бир топ лидер менен ислам дүйнөсүнөн өкмөт жана мамлекет башчылары менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндүгүн айткан Ибрахим Калын Эрдогандын бул жерде Малайзия, Тунис, Иран, Катар, Сауд Аравия, Пакистан, Индонезиянын мамлекет жана өкмөт башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү уланткандыгын билдирди.

Ибрахим Калын бүгүн бир чакыруу катын жарыялай турган президенттин Иерусалимдин статусуна жана аймактын тынчтыгына байланыштуу жоопкерчиликти билдирген бул абалдарга карата ислам өлкөлөрүнүн арасында орток кыймыл кылууга жана координация түзүүгө карата Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз саммитине чакыргандыгын айтты.

Калын Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз лидерлер саммитинин 13 -  декабрда Стамбулда президент Эрдогандын жетекчилигинде чогуларын билдирди.

Ислам өлкөлөрүнүн биримдик ичинде кыймыл кылышынын чоң мааниге ээ экендигин белгилеген Калын : «Бул тууралуу бир гана Палестина Жакынкы Чыгыш маселеси эмес, глобалдык бир маселе болду. Бул бир адилеттик маселеси. Муну биздин кабыл алуубуз мүмкүн эмес. Кандай кадамдардын ташталарын бирдикте карап чыгабыз. Христиандардын еврейлердин тынчтык жактоочусу бардык топторун бул маанилүү жаңылыштыктан кайтуусу үчүн аракет кылышы чоң мааниге ээ болууда»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар