Бинали Йылдырым Түштүк Кореяда...

Премьер-министр Бинали Йылдырымдын Түштүк Корея сапарынын эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын башталышынын 60-жылына туура келиши өзгөчө маани берип турат.

861358
Бинали Йылдырым Түштүк Кореяда...

Премьер-министр Бинали Йылдырым, эки күндүк расмий сапар менен Түштүк Кореяга барды.

Түркия убактысы боюнча саат 07:30да ал өлкөнүн түштүк-чыгышындагы порт шаары Бусанга жеткен өкмөт башчы Йылдырым жана жубайы Семиха Йылдырым, Эл аралык Гимхей аэропортунда Бусандын жергиликтүү башкаруучулугунун тышкы иштер боюнча жооптуу элчиси Хонг Сун Хва, Түркиянын Сеулдагы элчиси Арслан Хакан Окчал жана жубайы Пынар Окчал, Түркиянын Бусандагы ардактуу консулу Парк Са Ик жана элчиликтин кызматкерлери тарабынан тосулду.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Түштүк Корея сапарынын алгачкы аялдамасында Бусанда, Корея согушунун эскерилиши үчүн БУУ тарабынан салдырылган БУУнун Эстелик көрүстөнүндөгү Түрк шейиттер эстелигине зыярат кылды.

Андан соң борбор калаа Сеулга бара турган Йылдырым, Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак-Йон менен жолугат. Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин тарабынан кабыл алына турган Йылдырым, Улуттук Межлисинин төрагасы Чунг Сью Кюн менен да жолугат.

Жолугушууларда эки тараптуу саясий, экономикалык, соодалык, маданий кызматташтык тармактары менен катар терроризм менен күрөшүү, тартипсиз көч маселеси, актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелердин каралышы көздөлүүдө.

Айрыкча өкмөт башчы Йылдырым, кореялык фирмалардын жогорку деңгээлдеги башкаруучуларын кабыл алат.

Йылдырымдын Түштүк Корея сапарынын эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын башталышынын 60-жылына туура келиши өзгөчө маани берип турат.



Тектеш кабарлар