Сирия калкынын үмүттөрүн жандырган өлкө бар болсо ал да Түркия

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Англиянын борбор шаары Лондондогу жолугушууларынын алкагында Улуттук стратегиялык иштер институтунда «Түркиянын Жакынкы Чыгыш көз карашы, тоннелдин учунда жарык барбы?» аттуу диспутта сөз сүйлөдү.

856712
Сирия калкынын үмүттөрүн жандырган өлкө бар болсо ал да Түркия

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Түркиянын террор уюму ДЕАШка мүчө 3600 террористти жок кылганын айтты.

Йылдырым, расмий сапар менен барган Англиянын борбор шаары Лондондогу жолугушууларынын алкагында Улуттук стратегиялык иштер институтунда «Түркиянын Жакынкы Чыгыш көз карашы, тоннелдин учунда жарык барбы?» аттуу диспутта сөз сүйлөдү.

Эл аралык коомчулуктун Сирияда орто эсеп менен 7 жылдан бери аккан канды токтотуу жана кризисти чечүү багытында таасирин көрсөткөнүн айткан Йылдырым: «Сирия кризисине көрсөткөн каршылыгы менен Сирия калкынын үмүттөрүн жандырган өлкө бар болсо ал да Түркия. Элдин күтүүлөрүн түшүнбөө боюнча өжөрдөнгөн эрк менен өлкөдөгү бийлик боштугун мүмкүнчүлүккө айландыра турган күн тартипти террор менен башкарууга аракет кылган, жашаган өлкөсүндө ажырымдарга себеп болуу мындай турсун ажырымдарды тереңдетүүнү максат кылган түзүлүштөрдү көрүүдөбүз. Террордук уюмдар бул жердеги бийлик боштугунан абдан пайдаланып жатышат. Ал жерде террордун дагы да чоңоюшуна мүмкүнчүлүк берилүүдө. Сириянын адамы менен кошо күйгөн, кыйрандыга айлануусуна кайгырган, 911 км чек аралаш болгон Түркиянын кайдыгер калуусу албетте ойлонулмак эмес. Кысымдардан жана кол салуулардан качкан миллиондогон адамды боорубузга кыстык»,-деп айтты.

Сирия кризисине чечүүчү жол табыш үчүн  Түркия, Орусия жана Иран баштаткан Астана процессине токтолгон Йылдырым: «Бул процесс, белгилүү бир жерге чейин келди. Чыңалууну азайтуу, ок атышпоону камсыздоо жаатында абдан маанилүү жолду басып өттүк»,-деди.

Астананын Женева процессинде альтернатива же атаандаш болбогонун баса бегилеген Йылдырым, «Бул процесс, чындыгында Женевада Сириянын жеринин бүтүндүгүн негиз кылып алган жана Сирияда террорго аралашпаган бардык этникалык түзүлүштөр өкүлдүк кылына турган, туруктуу ырааттуу башкаруучулук үчүн алдын ала даярдык болуп эсептелет»,-деп айтты.

«Эске алынышы керек болгон жагдай ДЕАШ менен күрөшүү»,-деп айткан Йылдырым: «Бул күрөштө абдан олуттуу ийгиликке жетишилди. Толугу менен жок кылынган жок. Мекемелик түрдө кыйратылды, бирок жеке террордук клеткалар уланганы белгилүү. Бул жерде досторубузга кошулбаган нерсебизди айта кетейин. Биз ДЕАШ менен күрөшүү темасында «Евфрат калканы» (2016-жылдын августу-2017-жылдын марты) алкагында абдан маанилүү ишти аткардык жана 3600 ДЕАШ мүчөсүн жок кылдык, Сириянын территориясында. Айрыкча өлкөбүзгө кирүүгө аракет кылган 50 миңден ашуун чет элдик согушкерди, 54 башка өлкөдөн келгендерди каалгадан артка кайтардык. 5 миңден ашуун ДЕАШ мүчөсүн да кармадык, 3 миң чактысы камакка алынды, абакка түштү. Бир тараптан укуктук күрөш уланып жатканда, экинчи тараптан коопсуздукка негизделген күрөш ошондой эле чечкиндүүлүк менен уланууда»,-деди.

АКШнын Сирияда ДЕАШ менен күрөшүүсүн экс-президент Барак Обама башкаруучулугу убагында чыгарылган чечим менен жикчил террор уюму ПЙД/ЙПГны колдонуу менен жүргүзгөнүн эске салган Йылдырым, Түркиянын күтүүсүн болсо бул сөздөр менен айтты: «Эми ДЕАШ да күн тартиптен чыкканына караганда бул мажбурдуулуктан баш тартуу жана биргеликте Сириянын келечеги, тынчтыктын, ынтымактын камсыздалышы үчүн, кайрадан курулуусу үчүн иштөөбүз керек. Буюрса ийгиликке жетишебиз. Бул багытта күтүүбүз күн өткөн сайын артууда».



Тектеш кабарлар