Р. Т. Эрдоган Темими бин Хамед Ал Сани менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө өткөн Сириядагы абалдар менен аймактык маселелер каралды

855471
Р. Т. Эрдоган Темими бин Хамед Ал Сани менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Р. Т. Эрдоган Катардын Эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Сани  жана Болгариянын премьер  - министри Бойко Борисов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттик булактардан алынган маалыматка караганда Эрдогандын Катардын Эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Сани менен сүйлөшүүсүндө эки тараптуу маселелер менен өткөн жумадагы Сочи саммитинин негизинде  Сириядагы абалдар  менен аймактык маселелер да сөз болду.

Ошол эле булактар Болгариянын премьер  - министри Бойко Борисов менен өткөн сүйлөшүүдө эки тараптуу карым  - катнаштар менен бирге Болгариянын Европа Биримдиги кезектешкен башкаруучулугу жана Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессинин тездетилиши темаларынын каралгандыгын билдирди.

Эки лидердин Стамбулдун Балат районундагы "Демир" чиркөөсүнүн 2018 -  жылы 7 -  январь күнү кайрадан кызматка кириши менен өткөрүлө турган аземге бирдикте катышуу тууралуу макулдашкандары да белгиленди.



Тектеш кабарлар