Түркия операциялык жөндөмдүүлүк жагынан дүйнөнүн эң күчтүү бир канча армиясынан бирине ээ...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, борбор шаар Анкарада Улуттук коргоо университетинин аскердик академиясынын бүтүрүүчүлөр аземинде сөз сүйлөдү.

853676
Түркия операциялык жөндөмдүүлүк жагынан дүйнөнүн эң күчтүү бир канча армиясынан бирине ээ...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын операциялык жөндөмдүүлүк жана тажрыйба жагынан дүйнөнүн эң күчтүү бир канча армиясынан бирине ээ болгонун айтты.

Эрдоган, борбор шаар Анкарада Улуттук коргоо университетинин аскердик академиясынын бүтүрүүчүлөр аземинде сүйлөгөн сөзүндө, алдыбыздагы жылы аскердик академияларга кайрылуулардын саны эселенип арта турганына ишенгенин белгиледи.

Армиянын, төңкөрүшчүлөрдүн, хунтачылардын, камкорчулардын армиясы эместигин баса белгилеген Эрдоган: «Бул армия, (Фетуллахчы террор уюму) ФЕТӨчүлөрдүн армиясы эмес. Бул армия, тигил же бул чет элдик мекеменин армиясы эмес. Бул армия бир гана Түркиянын армиясы, түрк улутунун армиясы»,-деди.

Түркиянын эми корото турган убактысы да, жогото турган адамы да жок экенин белгилеген Эрдоган, ушул убакта өлкө жана улут катары армиянын күчүнө ар дайым болгонунан дагы көп муктаждыгы болгонун айтты.

Түркиянын өз чек араларынын ичинде тарыхынын эң чоң террор менен күрөшүү операцияларын жүргүзгөнүнө шилтеме кылган президент: «Сирияда абдан маанилүү операцияларды жүргүзүүдөбүз. Түркиянын операциялык жөндөмдүүлүк жана тажрыйба жагынан дүйнөнүн эң күчтүү бир канча армиясынан бирине ээ»,-деп айтты.

Түрк куралдуу күчтөрүнө багытталган ар бир кол салуунун, «башкы командир» сыпаты менен өзүнө карай багытталган болоорун белгилеген президент Эрдоган: «Армиябыздын ичине кирип кеткен төңкөрүшчүл жана хунтачы чыккынчылар менен күрөшүү башка, армиябызды начарлата турган, аскерибизди ирээнжите турган мамиле кылуу башкача. Мыкаачылар менен күрөшүүнү улантабыз. Улантабыз бирок эч ким муну    мүмкүнчүлүк катары көрүп армиябызды, офицерлерибизди, аскерибизди күчтөн тайдырышына да жол бербейбиз»,-деп айтты.                                                                                 



Тектеш кабарлар