ПКК/ПЙДсыз бөлүнбөгөн Сирия курулсун

Түркия, Орусия жана Иран лидерлеринин катышуусунда Сочиде өткөн Үчтүк саммитте, Сирияда саясий чечүүчү жол менен жеринин бүтүндүгү баса белгиленген маалыматтар берилди.

853286
ПКК/ПЙДсыз бөлүнбөгөн Сирия курулсун

Түркия, Орусия жана Иран лидерлеринин катышуусунда Сочиде өткөн Үчтүк саммитте кепил өлкөлөрдүн эң күчтүү орток билдирүүсү, Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн корголушу болду.

Саммитте саясий чечүүчү жол менен жеринин бүтүндүгү баса белгиленген маалыматтар берилди.

Орток билдирүүдө үч кепил өлкө, Сирияда күч колдонуунун азайтылышы темасында жетишилген ийгиликтин сакталышы үчүн координациялуу иш-аракеттерин уланта тургандарын жарыялады.

Анда, үч өлкөнүн лидеринин Сириянын көз карандысыздыгы, биримдиги жана жеринин бүтүндүгүнө күчтүү берилгендиктер менен байланышкандары баса белгиленип, саясий демилгелердин бул принциптерге зыян тийгизбей турганы тастыкталды.

Кепил өлкөлөр күч колдонуу чоң өлчөмдө көзөмөлгө алынган Сирияда саясий чечүүчү жол издөөлөрүнүн ылдамдашы үчүн ишенимди арттыруучу чаралардын көрүлүшү керектигин да баса белгиледи. Сөз болгон чара көрүүлөр, ылдам, ишеничтүү жана үзгүлтүксүз гуманитардык жардамдар, камактагылардын эркин кое берилиши, сөөктөрдүн кайтарылып берилиши жана жоголгон кишилердин өздүктөрүнүн белгилениши түрүндө тизмеленди.

Биргелешкен билдирүүдө, Башар Асад режими жана оппозицичылдардын арасында уюштурулушу көздөлгөн Улуттук диалог конгрессине колдоо көрсөтүлдү.

Конгресске катышуунун камсыздалышы талап кылынган оппозициячыл топтор үчүн «Сириянын эгемендигине, көз карандысыздыгына, биримдигине, жеринин бүтүндүгүнө жана бөлүнгүс түзүлүшүнө баш ийген оппозиция» сөздөрү айтылып, Түркиянын террор уюму ПКК/ПЙД темасындагы чечкиндүү мамилеси билдирүүдө чагылдырылган болду.

Конгресске чакырыла турган оппозициячыл топтор үч өлкөнүн биргелеше чыгарган чечими менен белгиленет.

Президент Эрдоган, Анкаранын алдыңкы планынын Сириянын саясий биримдиги жана жеринин бүтүндүгү менен Түркиянын улуттук коопсуздугуна кастык кылган террорист элементтердин процесстен чыгартылышы болгонуна көңүл бурду.

Террор уюму ПКК/ПЙДга шилтеме кылган Эрдоган, Сирияны бөлүүгө аракет кылган түзүлүштүн саясий чечим табууга кызмат кылышы көздөлгөн платформада Түркиянын орун албай турганынын маалыматын берди.

Эрдоган, БУУнун жол башчылыгында жүргүзүлгөн Женева сүйлөшүүлөрүнө кайрылып, Улуттук диалог конгресси менен Женева процессине салым кошулушунун ортосунда байланышты курду.

Ийгиликке жетиш үчүн керектүү шарттарга токтолгон Эрдоган, режим жана оппозициянын мамилесинин жанында, үч кепил өлкөнүн «эки жактуу сезимталдыктрды урматтоо жана макулдашуу түшүнүгүн» улантуунун орчундуу роль ойной турганын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар