АКШ террор уюму ПЙД/ЙПГ менен карым-катнаштарын токтотушу керек

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Франциянын берүү мекемеси France 24кө маек куруп берди.

851641
АКШ террор уюму ПЙД/ЙПГ менен карым-катнаштарын токтотушу керек

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, АКШнын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГ менен карым-катнаштарын мындан ары токтотушу керектигин айтты.

Калын: «Башынан бери бизге ПЙД/ЙПГ менен мамилелери убактылуу экендигин, б.а. Ракка куткарылгандан кийин, ДЕАШ кыйратылгандан кийин, карым-катнашты токтото тургандарын айтып келишти. Ошондуктан эми АКШнын ПЙД/ЙПГ менен карым-катнашын токтотушун күтүүдөбүз, анткени милдети орундалды»,-деди.

Ибрахим Калын, Франциянын берүү мекемеси France 24кө маек куруп берди.

Ибрахим Калын, НАТО машыгуусунда Ататүрк менен президент Режеп Таййип Эрдогандын фотосүрөттөрү бутага алынган чатактын териштирилиши керектигин айтты.

Калын, Түркиянын НАТОнун күчтүү шериктеши болгонун белгилеп: «Көп сандаган машыгууга катыштык. НАТОнун 50 жылдан ашуун убакыттан бери мүчөсүбүз. Албетте бул окуя кылдат иликтенип, териштирилиши керек. Муну ким кылды, ал сүрөттөрдү ал жерге ким койду. Бир аскердик шериктештик, ушундай катуу тартиптүү системада ушундай нерсе кантип болот»,-деп айтты.

НАТОнун Түркиядан бул темада кечирим сураганын эске салган Калын, бул окуялардын капыстан болуп же болбогону туурасында, «Деталдарын билбеймин. Көрөбүз»,-деп жооп берди.

Түркия менен АКШнын ортосундагы карым-катнаштарда болгон чыңалуу тууралуу бир суроо боюнча Калын: «АКШ менен узун өткөнгө таянган стратегиялык шериктештигибиз бар, бирок акыркы бир канча жылда Обама башкаруучулугуна чейин барган эки негизги маселебиз бар. Биринчиси АКШнын Сирияда ДЕАШ менен күрөшүү боюнча ПЙД/ЙПГга көрсөткөн колдоосу. Экинчи маселе да АКШдагы гүленчи банда. Гүленчилер АКШга жайгашып алышкан жана системаны чартердик мектептери, виза жасоо жана акча адалдоо жолу менен өз мүмкүнчүлүктөрүнө пайдаланышууда. Эми болсо АКШ системасын Түркияга карай кол салууга өтүш үчүн колдонушууда»,-деп айтты.

Ибрахим Калын, Түркиянын АКШдан мыйзамдык чектен чыккан эч бир талабы болбогонун белгилеп: « (2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинин корбашчысы Фетууллах Гүлендин) Түркияга кайтарылышын АКШ менен 1960-жылдарда кол койгон «кылмышкерлердин кайтарылышы келишимине» таянган түрдө талап кылдык»,-деп айтты.

Сириянын Ракка аймагында коалициялык күчтөрдүн байкоосунда террор уюмдары ПЙД/ЙПГ жана ДЕАШтын ортосунда болгон макулдашуу тууралуу суроо боюнча да Калын, буларга токтолду: «Эң оболу бул коркунучтуу макулдашуу. Муну укканда албетте каршылык көрсөттүк, бирок менимче бул ПЙД/ЙПГ сыяктуу террор уюмун ДЕАШ сыяктуу башка бир террор уюмуна каршы колдонуунун жаңылыштыгын көрсөтүүдө. Башынан бери айттык, бир террордук уюмду башка бир террор уюмуна каршы колдонуп күрөшө албайсыздар. Жакынкы эле убакта айтканым сыяктуу өз расмий документтеринде ПЙД/ЙПГ ар дайым ПККнын Сириядагы уландысы болгону орун алды. ПКК террор уюмубу? Ооба, ошондой. Буйруктарын алган жер ошол жак. Чындыгында ПЙД/ЙПГнын буйрук командирлик түзүлүшүн караганыбызда бардык негизги буйруктарды Кандил тоосунан жана ПККдан алышууда».

АКШ аймакта калууну максаттайбы түрүндөгү суроого Калын, «Башынан бери бизге ПЙД/ЙПГ менен мамилелери убактылуу экендигин, б.а. Ракка куткарылгандан кийин, ДЕАШ кыйратылгандан кийин, карым-катнашты токтото тургандарын айтып келишти. Ошондуктан эми АКШнын ПЙД/ЙПГ менен карым-катнашын токтотушун күтүүдөбүз, анткени милдети орундалды. Эми АКШнын пландарын кантип кыла тургандарын көрөбүз. Ракка аймагы тазаланган үчүн дагы көпкө калуу ойлору бар өңдөнөт»,-деп жооп берди.

Сирия кризисинин чечилиши үчүн баштатылган Астана процессинин Женева процессинин альтернативасы эмес, толуктоочусу болгонун белгилеген Калын, Сирия маселесине чечүүчү жол табыш үчүн бирөө БУУ, экиничиси болсо Түркия, Орусия жана Иран ачкан эки каналда иштеп жатканын айтты.

«Сирияны бириктире турган киши Асад эмес»,-деп айткан Калын: «Мыйзамдуулугун жоготту, Сирияны камтуучу, демократиялык, көп маданияттуу, кыймылдуу жана мыйзамдуу өкмөт түзүлүшүнө жеткиришибиз керек. Бул акыры барып Сирия калкынын чечими болоору ачык»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар