Идлибде ПКК/ПЙД түрк куралдуу күчтөрүнө кол салды

Халептин Африн районундагы террористтери Түрк куралдуу күчтөрүнүн Идлиб  -  Африн жолундагы Дарет Иззен байкоо жерине 5 жолу пулемет менен кол салды.

851190
Идлибде ПКК/ПЙД түрк куралдуу күчтөрүнө кол салды

Сирия  -  Түркия чек арасындагы Африн аймагында уя салган жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД Идлиб араздашуусун азайтуу аймагында жайгашкан түрк куралдуу күчтөрүнүн байкоо күчүнө ок атты. Идлибдеги Анадолу агенттигинин кабарчысынын билдиргенине караганда  террордук уюмдун Халептин Африн районундагы террористтери Түрк куралдуу күчтөрүнүн Идлиб  -  Африн жолундагы Дарет Иззен байкоо жерине 5 жолу пулемет менен кол салды. Октордун бирөөсү Дарет Иззенин Самаан Чеби аймагындагы байкоо жерине 100 метр жакын жерге келип түшкөн.

Бир тараптан пулемет октору жарандык отурукташуу жерлерине түштү. Байкоо жери менен жарандык отурукташуу жерлеринде каза болгон же жаралангандар болгон жок.

Түрк куралдуу күчтөрү террордук уюмдун кол салуусуна ок атуу менен жооп берди. Түркия, Оруси жана Ирандын арасында кол коюлган Астана келишиминин алкагында Идлиб араздашуусун азайтуу аймагындагы ок атышпоо режиминин иликтениши үчүн түрк куралдуу күчтөрү 12 -  отябрда аймакка баруу процессин баштаткан болчу.

Сирия  - Түркия чек арасынын жакындарындагы Идлиб   - Африн жолунда Салве айылы менен Самаан чебинин жакындарындагы байкоо жерлерин активдештирген түрк куралдуу күчтөрү үчүнчү байкоо жеринин ошол эле багытта Шейх Акил дөңсөөсүндө түзүүдө. Түркиянын Идлиб араздашуусун азайтуу аймагында жалпы 12 ок атышпоо байкоо жеринин курулушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар