Түрк жана ирактык жетекчилер Керкүктөн Жейхан портуна нефть өткөрүү боюнча сүйлөштү

Түрк жана СОМО жетекчилери нефть тармагында орток темаларды сүйлөшүштү.

849832
Түрк жана ирактык жетекчилер Керкүктөн Жейхан портуна нефть өткөрүү боюнча сүйлөштү

 

Ирак нефть министрлигинин катчысы Асым Жихад Түркия энергетика министрлигинен барган жогорку деңгээлдеги техникалык делегация менен борбор шаарда Ирак нефть маркетинг фирмасы СОМО жетекчилери менен нефть тармагында орток темалардын сөз болгондугун белгиледи. Жихад берген маалыматында түрк делегациясы менен сүйлөшүлгөн темалардын башында Керкүктөн Жейханга нефть өткөрүү экендигин белгилеп, бул нефть өткөрүүдө болгон техникалык жана башкаруу тоскоолдуктарынын каралып чыккандыгын билдирди. Жихад сүйлөшүүлөрдүн алдыбыздагы күндөрдө Түркияда өткөрүлө турган жыйын менен улантылары тууралуу келишилгендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар