Эрдоган Катардагы Түрк куралдуу күчтөрүнүн кургактык бөлүгү командирлигине барды

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Катарагы Түрк куралдуу күчтөрүнүн кургактык бөлүгү командирлигинде иликтөө жүргүздү.

848658
Эрдоган Катардагы Түрк куралдуу күчтөрүнүн кургактык бөлүгү командирлигине барды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Катардагы расмий жолугушууларынын алкагында барган Катар Түрк куралдуу күчтөрүнүн кургактык бөлүгү командирлигинде иликтөө жүргүздү.

Командирликте кызмат өтөгөн кызматкерлерге кайрылган Эрдоган: «Бардыгыңызга өлкөмөн, 80 миллион атуулдун саламын алып келдим. Түрк улутунун ар бир мүчөсүнүн саламы, сүйүүсү, дубасы сиздер менен бирге»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, түрк аскери үчүн Катардын алыс жер болбогонун айтты.

Катарда кызмат өтөгөн түрк аскеринин өз туугандарынын үйүндө болгонун баса белгилеген Эрдоган: «Сиздер, башка өлкөлөрдүн чет өлкөдө кызмат өтөгөн аскерлери сыяктуу эмессиз, анткени сиздердин бул жерде болушуңардын эң улуу себеби достук, ынтымак, коопсуздук, тынчтык болуп саналат. Бир туугандын башка бир тууганына колдоо көрсөтүүсү кандай болсо сиздердин бул жерде болушуңуздун түшүнүгү да ошондой»,-деп айтты.

Аскерлерге Түркияны жана түрк улутун өкүлдүк кылган бул ыйык милдетинде ийгилик каалаган Эрдоган: «Катардык досторубузга сизге берген колдоо, көрсөткөн жеңилдик, камсыздаган жана камсыздай турган мүмкүнчүлүктөр үчүн ырахмат айтамын. Перс булуңу аймагында жана бүтүндөй аймагыбызда болуп жаткан кризистердин тез арада оңойлук менен чечилүүсүн Кудай тааламан тилеймин. Кудай таалам бизди бардык туугандарыбыз менен бирге коопсуз жана өнүккөн келечекке жеткиришин тилеймин. Кудай таалам сиздерди ар түрдүү кырсыктан, балээден, коркунучтан сактасын. Кудай таалам жардамчыңыз болсун».



Тектеш кабарлар