Түрк Кызылайы Эрбил менен Сүлейманиеде
Түрк Кызылайы тарабынан жер титирөөдөн жапа чеккен ирактыктар үчүн жиберилген гуманитардык жардамдардын бир бөлүгү Эрбил менен Сүлейманиеге алып барылды.
Түрк Кызылайы тарабынан жер титирөөдөн жапа чеккен ирактыктар үчүн жиберилген гуманитардык жардамдардын бир бөлүгү Эрбил менен Сүлейманиеге алып барылды. Чатыр, одеало жана азык - түлүк ташыган 18 фура Хабур чек ара капкасынан өтүп Эрбилге жетти. Түркиядан жиберилген гуманитардык жардамдар түрк Кызылайынын бул жердеги логистикалык сактоочу жайына түшүрүлдү. Өзгөчө Түркиядан жолго чыккан жана чукул гуманитардык жардам материалын ташыган 14 фура да жер титирөө болгон Сүлеймание шаарына барды.
Түрк кызылайынын жетекчилери аймакка жиберилген башка фуралардын да Хабур чек ара капкасынан өтүп аймакка барарын билдирди. Кызылай топтору Сүлеймание эпицентри болгон 7,3 баллдык жер титирөөдөн кийин аймакка барып жабыркоочуларга чукул жардамдарды жеткирген.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.
Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.