Түркия Ирактагы жер титирөөдө жабыркагандарга бары-жогу менен жардам берет

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Түркиянын бары-жогу менен Ирактагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берип жатканын айтты.

846296
Түркия Ирактагы жер титирөөдө жабыркагандарга бары-жогу менен жардам берет

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Түркиянын бары-жогу менен Ирактагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берип жатканын айтты.

Йылдырым, жазуу түрүндөгү жарыясында Түркиянын Түндүк Иракта эпицентри Сүлейманийе болгон жер титирөөнүн кайгысын жүрөгүндө сезип алгачкы мүнөттөн тартып эле жабыркаган туугандарына жардам бериш үчүн иш-аракетке өткөнүн белгиледи.

Премьер-министр: «Ирак калкы муктаж боло турган бардык талаптары үчүн Түркия иш-аракетке өттү»,-деди.

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг болсо, Түркиянын издөө-куткаруу иш-чаралары менен урандыны тазалоо, жаралуулардын дарыланышы жана гуманитардык жардам үчүн дароо иш-аракетке өткөнүн белгиледи.

Боздаг, социалдык медиа каражатынан бөлүшүүсүндө жер титирөөдө каза болгондордун жаткан жери жайлуу болушун, жакындарына, Ирак калкына кайрат айтаарын жана жаралуулардын тез сакайып кетишин тилегенин белгиледи.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Түркиянын ирактык жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.

Министр Чавушоглу, социалдык медиа эсебинен бөлүшүүсүндө, «Түркия, ирактык жер титирөөдө жабыркагандар үчүн издөө-куткаруу тобу жана гуманитардык жардам жибериш үчүн даяр күтүүдө. Дубаларыбыз ирактык туугандарыбыз менен бирге»,-деп айтты.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын болсо, Иракта болгон 7,2 баллдык жер титррөөнүн себебинен Апаат жана курч кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD), Кызылай жана башка мекемелердин издөө-куткаруу иштери, дары-дармек, төшөк, гуманитардык жардамдарды жеткириш үчүн иш-аракетке өткөнүн белгиледи.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Иракта болгон жер титирөө тууралуу социалдык медиа эсебинен бөлүшүсүүсүндө көңүл айтуусун билдирди.

Бул учурда Башкы штабдын жардам учагы да Сүлейманийеге бара турганы белгилүү болду.

Түрк куралдуу күчтөрү учак менен дары-дармек, медициналык шаймандарды жана 250 чоң көлөмдүү чатыр алып бара турганы белгиленди.

Учакта 20 кишилик саламаттык сактоо кызматкери да орун алат.



Тектеш кабарлар