Террор менен көрөшүүнүн бир жумалык көрсөткүчү
Операцияларда 38 террорист өлтүрүлдү.
ПКК террордук уюмуна карата акыркы бир жумада жүргүзүлгөн операцияларда 38 террорист өлтүрүлдү. Ички иштер министрлиги акыркы бир жумада жүргүзүлгөн операциялар тууралуу кенен маалымат берди. Маалыматка караганда террордук уюмдарга жардам берген, ПКК менен байланышы болгон 176 киши камоого алынды.
Көп сандаган курал, граната жана ок - дары да колго түшүрүлдү. Террордук уюмдун кышкы даярдыктарын токтотуу максатында 23 - сентябрь, 12 - ноябрь күндөрүнүн арасында 12 облуста жүргүзүлгөн операцияларда 146 баш калкалоочу жер, 12 үңкүр, 3 ок - дары сактоочу жер аныкталды. Операцияларда Фетуллахчы террордук уюм менен байланышы болгон 586 киши, ДЕАШ менен байланышы бар экендиги белгиленген 390 киши, ашыкча солчулдар менен байланышы болгон 15 киши камоого алынды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.