Түркия менен Замбиянын ортосунда билим берүү келишими

Түркия Түштүк Африка өлкөсү Замбия менен 4 жылдык билим берүү – өнүктүрүү боюнча меморандумга кол койду.

844079
Түркия менен Замбиянын ортосунда билим берүү келишими

Түркия Түштүк Африка өлкөсү Замбия менен 4 жылдык билим берүү – өнүктүрүү боюнча меморандумга кол койду.

Борбор шаар Лусакада өткөрүлгөн кол коюу аземине Замбия билим берүү министри Нканду  Луо менен Түркиянын Лусака элчиси Шебнем Инжесу катышты. Инжесу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө билим берүүнүн ар бир улуттун өнүгүшүндө ачкыч ролго ээ экендигин белгилеп, Түркиянын Замбияга билим берүү жаатында колдоо берерин айтты.

Министр Луо да эки өлкөнүн ортосундагы илимий алмашуу программаларынын өнүктүрүлүшүн максат кылгандыгын белгиледи. Луо эки өлкөнүн ортосунда бир гана билим берүү жана стаж жаатында эле эмес, ошол эле учурда академиялык кызматкер жана изилдөөчү алмашуу тууралу да кызматташтык болорун айтты. Министр Луо бул кызматташтыктын Замбия менен Түркиянын ортосунда жогорку билим берүү деңгээлинде болорун жана орток диплом программаларын колдоону максат кылгандарын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар