ФЕТӨ менен күрөшүүдө эмне керек болсо жасалат

Эрдоган Айыл өкмөт башчыларынын жыйынында сөз сүйлөдү

844481
ФЕТӨ менен күрөшүүдө эмне керек болсо жасалат

Президент Режеп Тайип Эрдоган, 2016-жылдын 15-июлунда төңкөрүш кылууга аракеттенген Фетуллахчы террор уюмуна (ФЕТӨ) каршы күрөшүүдө эмне керек болсо жасала турганын айтты.

Эрдоган Президенттиктин комплексинде Айыл өкмөт башчыларынын 41-жыйынында сөз сүйлөдү.

Сөз сүйлөөсүндө ФЕТӨ менен күрөшүүгө токтолгон Эрдоган, төңкөрүш кылууга аракеттенгендердин жоопко тартылып жаткандарын баса белгиледи.

Төңкөрүшчүлөрдүн бир бөлүгүнүн кармалганын бир бөлүгүнүн да чет өлкөгө качып кеткенин белгилеп, алардын эртеби-кечпи жооп бере тургандарын айткан Эрдоган, Түркиянын башына террорду алып келген тышкы күчтөрдүн 15-июль төңкөрүш аракети аркылуу мурда жасагандай өлкөнү бөлүүгө аракет кылгандарын, бирок улуттун буга баш ийбей бул тузакты бузганын билдирди.

15-июль (2016-жыл) түнү кубанганынан кыйкырып бири-бирине телефон чалгандарды билгендерин, бирок азырынча бөлүшпөгөндөрүн белгилеген Эрдоган: «Бирок эл аралык жыйындарда биз атайын кимдир бирөөлөр менен бөлүшүп жатабыз. Эч кимди эч кимди алдабасын. Биз кимдин эмне экенин жакшы билебиз. Ошондуктан Түркияда мындан кийин ар кайсы өлкөлөрдүн айрым адамдарынын бул жерде оңой найза ыргытууларына биз да уруксат бербейбиз. Эмне керек болсо ошону жасайбыз»-деп айтты.

Эрдоган терроризмге каршы күрөшүүдө жикчил террордук уюм ПККга кандай оор сокку урулуп жатса, ошондой эле түрдө ФЕТӨнүн да изин кууй тургандарын белгиледи.  



Тектеш кабарлар