Осмондук документтер бир борбордо сакталат

Стамбулдагы Топкапы сарайында 200 миңден ашуун документ Кагытханедеги премьер  - министрликтин осмондук архив комплексине ташылууда.

842751
Осмондук документтер бир борбордо сакталат

 

Стамбулдагы Топкапы сарайында 200 миңден ашуун документ жана миңдеген дептер Кагытханедеги премьер  - министрликтин осмондук архив комплексине ташылууда.

Ушунун негизинде 1430га жакын десье тапшырылды жана 43 миңге жакын дептер мамлекеттик архивдерге тапшырылат. Топкапы сарайындагы осмондук архивинде 1326 – 1922 -  жылга чейинки маалыматтарды камтыган документ жана документтердин копиясы бар.

Документтердин арасында өзгөчө сарайдагы чыгымдар, тойлор, сүннөт тойлору жана кабыл алуулар, падышанын бир топ мамлекеттик кызматкерлерди кабыл алышы, буларга таандык каттоолор, чыгарылган чечимдер сыяктуу маанилүү документтер орун алды.

200 миңден ашуун документ абдан баалуу. Топкапы сарайынын документтери мамлекеттин түздөн түз башкаруу борборундагы  документтер болгону үчүн тарых, саясий илим жана башка тармактарды изилдөөдө жардам берет.

Документтер коомчулук менен бөлүшүлгөн сайын Осмон мамлекетине таандык бир топ жагдайды да кайрадан карап чыгуу мүмкүнчүлүгү табылат.

Топкапы сарайы музейинин сарай архивинин премьер  - министрликтин мамлекеттик архивдеринин башкы директорлугуна өтүшү осмондук документтеринин бир борбордо чогултулушу үчүн ташталган эң маанилүү кадамдардын бири катары көрүлүүдө.

 

 



Тектеш кабарлар