Мыйзамсыз жолдор менен Грецияга барууга аракет кылган адамдар кармалды
Чанаккаледе 35 киши кармалды
![Мыйзамсыз жолдор менен Грецияга барууга аракет кылган адамдар кармалды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5095/70b0/5f0b/599c319411f0f.jpg?time=1718797059)
Чанаккаленин Айважык районунда мыйзамсыз жолдор менен Грециянын Мидилли аралына барууга аракет кылган чет элдик 35 киши кармалды.
Аймакта мыйзымсыз өтүүлөрдү алдын алуу ишин жүргүзгөн жандармерия кызматкерлери, жол көзөмөл учурунда шек санашып эки унааны токтотууга аракет кылышты.
Алардын токто деген эскертүүсүнө баш ийбеген унааларды кызматкерлер артынан кууп барышты.
Бадемли айылынынын Ажыдере жергесинде токтотулган эки унаада жүргүзгөн иликтөөдө, 28 Сирия, 1 Ооганстан, 1 Тунис, 1 Гаити, 1 Габон улутундагы жалпы 35 киши кармалды. Бул кишилердин чет өлкөгө чыгууларын уюштурган эки киши да камакка алынды.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718797059)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.