Түркия, Ооганстандагы террордук кол салууларды айыптады
Ооганстандын Кундуз, Забул жана Газне облустарында болгон ар түрдүү кол салуулар Түркия тарабынан айыпталды.
836608
Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Ооганстандын Кундуз, Забул жана Газне облустарында болгон ар түрдүү кол салууларда көп сандаган коопсуздук кызматкери каза болгону жана бир топ жаралуу болгону капага салганы белгиленди.
Билдирүүдө: «Аты аталган террордук кол салууларды айыптайбыз. Каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун, Ооганстан өкмөтү жана тууган ооган калкынын кайраттуу болушун, жаракат алгандардын тез сакайып кетишин тилейбиз»,делди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.
Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.