20 жылдык мөөнөттөн кийин президенттик деңгээлде жасалган сапар

Президент Режеп Таййип Эрдоган, расмий сапар менен Түркияга келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

834604
20 жылдык мөөнөттөн кийин президенттик деңгээлде жасалган сапар

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түрк аба жолдорунун Стамбул-Самарканд тарифтүү каттамдарынын 16-мартта баштала турганын айтты.

Эрдоган: «Ушундайча эки тууган коомчулук бири-бири менен дагы көп аралашуу мүмкүнчүлүгүн табат»,-деди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, расмий сапар менен Түркияга келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Бир тууган Өзбекстандын президенти Мирзиёевдин Түркияга келгенине ыраазы болгонун айткан Эрдоган, бул сапардын өзгөчөлүгү 20 жылдык мөөнөттөн кийин президенттик деңгээлде жасалган алгачкы сапар болгонун баса белгиледи.

Эрдоган, Мирзиёев менен өткөргөн өз алдынча жана делегациялар аралык жолугушуулардын абдан жемиштүү өткөнүн белгилеп, экономикадан коргоо өнөр жайына, саламаттык сактоодон айыл чарбага, билим берүүдөн маданиятка чейин кызматташуу мүмкүнчүлүгүн тапкандарын айтты.

Өзбекстандын Орто Азияда 31,5 миллион калкынын саны, абдан бай жер астындагы жана жер үстүндөгү байлыктары менен бардык жагынан стратегиялык өлкө болгонун айткан Эрдоган, дүйнөнүн эң чоң 7-жаратылыш газ, 4-уран, 6-пахта өндүрүчүүсү жана 2-чоң пахта экспортчусу абалында экенине көңүл бурду.

Эрдоган, бул көрүнүшкө карабастан экономикалык жана соода-сатык карым-катнаштарыбыздын кааланган деңгээлде болбогону көрүнүп турганын белгилеп кетти.

Эки тараптуу соода көлөмүнүн 2016-жылы 1,2 миллиард доллардын айланасында болгонун белгилеген Эрдоган, үстүбүздөгү жылдын алгачкы 8 айында болсо 900 миллион долллардан ашканынын маалыматын бөлүштү.

Эрдоган, Түркиянын курулушчулук тармагында дүйнөдө 2-орунда маанилүү абалда турганына токтолуп, «Бул тармактагы тажрыйбаларыбызды Өзбекстан менен бөлүшүүнү максаттап жатабыз. Эртең Стамбулда боло турган Түрк-Өзбек Ишкердик форумунун да ар тараптан түшүмдүү жана берекелүү боло турганына ишенүүдөмүн»,-деп айтты.

Жолугушууда каралган эң маанилүү темалардан бирөөнүн маданият жана туризм болгонуна токтолгон президент Эрдоган, сөздөрүн мындай улады: «Өзгөчө туризм жаатында, албетте Ташкент-Самарканд-Бухара... бул жерлер биз үчүн абдан маанилүү. Өзбекстанда бул цивилизациянын бешиги болгон шаарлар бар. Туризм тармагындагы биргелешкен долбоорлорубуз менен буюрса муну ишке ашырабыз. Ал эмес урматтуу тууганымдын да мага айтканы сыяктуу ал жерде лыжа спортуна карай ири долбоорду буюрса бир түрк курулушчусу менен турмушка ашырабыз. Бул жерде айрыкча сүйүнчүлөй да кетким келет. Түрк аба жолдору буюрса 16-мартта Стамбулдан Самаркандга тарифтүү каттамдарын баштайт. Ушундайча эки боордош коомчулук катары бири-бири менен дагы көп аралашуу мүмкүнчүлүгүн табат».

Буга кошумчалай кетсек, биргелешкен маалымат жыйындан мурда Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ар түрдүү тармактарда 20 келишимге кол коюлду.



Тектеш кабарлар