Террорго каршы жүргүзүлгөн бир жумалык операциялар

Ички иштер министрлиги акыркы 1 аптада террорго каршы жүргүзүлгөн операцияларда 64 террористтин тизгинделгенин жарыялады.

832340
Террорго каршы жүргүзүлгөн бир жумалык операциялар

Ички иштер министрлиги акыркы 1 аптада террорго каршы жүргүзүлгөн операцияларда 64 террористтин тизгинделгенин жарыялады.

Министрликтин жазуу түрүндөгү жарыясында 16-23-октябрь күндөрүнүн аралыгында жүргүзүлгөн 1545 операцияда 45 террорист жок кылынды, 8 террорист колго түштү, 11 террорист багынып берди, бардыгы болуп 64 террорист таасирисиз кылынды.

Жикчил террор уюму ПКК/КЖК менен байланышы болгон 131, ФЕТӨ/ПДЙ менен байланышы болгон 643, ДЕАШ менен байланышы болгон 69 жана ашкере солчулдар менен байланышы болгон 16 шектүү кармалды.

Кибердик кылмыштар менен күрөшүүнүн алкагында 273 кишиге иш козголду.

Баңги зат жана контрабанда менен күрөшүүнүн алкагында 3466 операция жүргүзүлүп, 5645 киши камакка алынды.



Тектеш кабарлар