Түркияны террордук уюмдар менен бурчка такай албагандар,эми өздөрү аянтка кире башташты

Президент жана АК Партиянын жетекчиси Эрдоган, партиясынын Башкы борборунда областтык башчылары менен болгон кеңейтилген жыйналышта күн тартип тууралуу маалымат берди.

826645
Түркияны террордук уюмдар менен бурчка такай албагандар,эми өздөрү аянтка кире башташты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияны Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ жана жикчил террор уюму ПКК сыяктуу уюмдар менен бурчка такай албагандар, эми өздөрү түздөн-түз аянтка кире баштагандарын айтты.

Президент жана АК Партиянын жетекчиси Эрдоган, партиясынын Башкы борборунда областтык башчылары менен болгон кеңейтилген жыйналышта күн тартип тууралуу маалымат берди.

Түркиянын өнүгүүсүн каалабаган чөйрөлөр тарабынан күнүгө жаңы тактикалык чабуулга туш болгондорун баса белгилеген Эрдоган, бул кол салуулардын бир бөлүгүн Түркиянын көңүл буруусун жана энергиясын аймагындагы орчундуу абалдардан алыстатууга карай багыттагандарын айтты.

Эрдоган: «Түркияны саясий, социалдык, дипломатиялк, аскердик, экономикалык, бардык тармактарда чөгөлөтө албагандар күнүгө жаңы оюн менен алдыбыздан чыгууда. Бирок биз эми бир гана туруштук берип, коргонуп эле калбайбыз. Өзүбүздүн да оюн планыбызды кадам-кадам ишке ашырабыз. Башкача айтканда коргонуубузду күчтөндүрүп жатканда чабуулду да бош калтырбайбыз»,-деп айтты.

«Көп сандаган платформада чогуу кызматташкан кээ бир мамлекеттердин өлкөбүзгө каршы ишке ашырган бул эки жүздүү мамилесинен улам биз абдан тынчсыздандык»,-деп айткан Эрдоган: «Бетме-бет келгенибизде бизге ар түрдүү убаданы, ар түрдүү кепилдикти бергендердин артыбыздан ойногон оюндарынын жамандыгы эми жашырыла албайт, жашырылгыс абалга келди. Эми бул найза, бул капка батпайт»,-деп айтты.

Көп жылдар бою Түркияны террордук уюмдар менен жетиштүү түрдө күрөшпөгөнүн айтып күнөөлөгөндөрдүн, эми террордук уюмдар менен кол кармашып аймакты бөлүүгө киришкендерин баса белгилеген Эрдоган: «Дүйнөдө өздөрүнө террор менен күрөшүүдө эң чоң бута катары ДЕАШты көрсөткөндөр, учурда ДЕАШка каршы жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГ сыяктуу террор уюмдарын колдонуп жатышат»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар