Түрк аба жолдору жүргүнчүлөрдүн билет акысын кайтарып берет

Түрк аба жолдору, Түркия-АКШ жана АКШ-Түркия виза режимдеринде жасалган айрым өзгөртүүлөрдүн себебинен кээ бир жүргүнчүлөрдүн билет акыларын кайтарып берет же алмаштырат.

823282
Түрк аба жолдору жүргүнчүлөрдүн билет акысын кайтарып берет

Түрк аба жолдору, Түркия-АКШ жана АКШ-Түркия виза режимдеринде жасалган айрым өзгөртүүлөрүнүн Стамбулдан транзит өткөн жүргүнчүлөргө таасир тийгизбегенин жарыялады.

Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчилигинин жарыясында, «Стамбулдан транзит өткөн жүргүнчүлөрүбүздөн тышкары Түркиядан АКШга, АКШдан Түркияга саякат кыла турган 2017-жылдын 9-октябры жана андан мурда сатылган билеттер үчүн 2017-жылдын 9-октябрынан 31-октябрына чейинки Түрк аба жолдору жана AnadoluJet  сапарларына катталган Түркия Республикасынын паспорту менен АКШга баруучу, АКШ паспорту менен Түркияга келүүчү бардык жүргүнчүлөр 2017-жылдын 31-октябрына дейре бизге кайрылышса резервацияларын өзгөртүүлөрү акысыз аткарылат»,деп жар салынды.

Ушул алкакта эч колдонулбаган билеттердин акыларын кайтарып ала тургандарына көңүл бурулган жарыяда, «Жарымы колдонулган, саякаты бүтө элек билеттерде; билеттин колдонулбаган каттамдарына таандык акылары кайтарылат. Кандайдыр бир акы айырмасы жана жаза алынбастан билеттин жарактуулугу 2017-жылдын 31-октябрына дейре узартыла алат. Тийиштүү ишке ашыруулар жалгыз гана Түрк аба жолдору жана AnadoluJet каттамдары үчүн жарактуу болот»,делди.

Анда, АКШ паспорттуу жүргүнчүлөр үчүн резервация жана багыт алмаштыруусунун акысыз түрдө аткарыла ала турганы билдирилип, эч колдонулбаган билеттердин акысынын кайтарыла турганы, жарым-жартылай колдонулган саякаттын бүтпөгөн каттамдарына таандык акыларынын кайтарылып бериле турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар