Түркиянын ички жана тышкы саясий маселелери Афьонкарахисарда каралат

Жыйын президент Эрдогандын ачылыш сөз сүйлөөсү менен башталат

821915
Түркиянын ички жана тышкы саясий маселелери Афьонкарахисарда каралат

Түркиянын орчундуу ички жана тышкы саясий маселелери 2 күн бою Афьонкарахисарда каралат.

Президент Режеп Тайип Эрдоган 41 айдан кийин Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Кеңешүү жана баа берүү жыйынына жетекчилик кылат.

Жыйын президент Эрдогандын ачылыш сөз сүйлөөсү менен башталат.

Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугунда 25-сентябрдагы мыйзамсыз референдум менен катар тышкы саясий маселелер кеңири талкууланмакчы.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу эл өкүлдөрүнө маалымат берет.

Коопсуздук жана терроризмге каршы күрөшүүгө байланыштуу эки министр, ички иштер жана улуттук коргоо министрлери баяндама жасашат.

Эрдогандын АК партиядагы жаңылоо процесси жана күн тартипке байланыштуу билдирүүлөрдү айтаары күтүлүүдө.

Жыйналыш 8-октябрь жекшемби күнү президент Эрдогандын жабылыш сөз сүйлөөсү менен аяктайт.



Тектеш кабарлар