Эрдоган Аль Тани менен жолугушту

Жолугушуу 2,5 саатка созулду

807440
Эрдоган Аль Тани менен жолугушту

 

Президент Режеп Тайип Эрдоган Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушту.

Президенттиктин комплексинде жабык эшик артында өткөрүлгөн жолугушуу 2,5 саатка созулду.

Президент Эрдогандын Катардын эмири Аль Тани менен эки тараптуу карым-катнаштар менен катар аймактык жана эл аралык маселелерди сүйлөшкөнү билдирилди.

Президенттиктен маалымдалгандай Аль Танинин иш сапарынын алкагында өткөрүлгөн жолугушууда, эки тараптуу карым-катнаштар менен катар аймактык жана эл аралык маселелер туурасында пикир алмашылды.

Булуңдагы Катар кризиси каралган жолугушууда маселеге дипломатиялык чечүүчү жол табылышы керектиги баса белгиленди.

Сирия менен катар аймактагы акыркы кырдаалга токтолушкан Эрдоган менен Аль Танинин, Түркия менен Катардын ортосундагы учурдагы кызматташууну бардык тармакта дагы да өнүктүрүү темасында чечкиндүү экендиктерин тастыктагандары билдирилди.



Тектеш кабарлар