Росатом «Аккую» станциясынын курулуш лицензиясын ушул жылдын аягына чейин алат

Долбоорго 20 миллиард доллар сарпталышы күтүлүп жатат

802970
Росатом «Аккую» станциясынын курулуш лицензиясын ушул жылдын аягына чейин алат

Орусиянын Мамлекеттик атомдук энергетика мекемесинин (Росатом) жетекчиси Алексей Лихачев, «Аккую» атомдук электр станциясынын курулуш лицензиясын 2017-жылдын аягына чейин алууну күткөндөрүн айтты.

Владивосток шаарында өткөрүлгөн Чыгыш Экономикалык форумунда журналисттердин суроолоруна жооп берген Лихачев: «Техникалык ишканалар, жер даярдоо сыяктуу жалпы курулуш иштеринде лицензиясыз аткарыла турчу иштер уланып жатат. Максатыбыз ушул жылдын аягына чейин лицензияны алуу»,-деди.

Орусия менен Түркия, «Аккую» атомдук электр станциясынын курулушун көздөгөн өкмөттөр аралык келишимге 2010-жылы кол коюшкан болчу. Долбоорго 20 миллиард доллар сарпталышы күтүлүп жатат.



Тектеш кабарлар