Petrofac LTD Газпром менен келишим түздү
Petrofac жаратылыш газ өткөрүү комплексинин курулушу үчүн Газпром менен 340 миллион евролук келишимге кол койду.
801435
![Petrofac LTD Газпром менен келишим түздү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c075/dd54/013c/59ae7329d36ae.jpg?time=1718732924)
Petrofac LTD Орусиядан Түркияга жаратылыш газ ташый турган «Түштүк Агым» проектисинин негизинде Кыйыкөй аймагында жаратылыш газ түтүк жолу жана жаратылыш газ өткөрүү комплексинин курулушу үчүн Газпром менен 340 миллион евролук келишимге кол койду.
Жаратылыш газ чыгаруу комплексинин проектиси үчүн керек болгон инженердик жана башка кызматтар Petrofac менен Газпромго таандык болгон South Stream Transport BV тарабынан камсыздалат. Комплекс 2019 - жылдын декабрь айына чейин өткөрүлүп алынат.