Түркия Түндүк Кореяны айыптады
Түркия, Түндүк Кореянын суутек бомбасын сыноосун эң күчтүү түрдө айыптады.
Түркия, Түндүк Кореянын суутек бомбасын сыноосун эң күчтүү түрдө айыптады.
Тышкы иштер министрлигинин жарыясында; «КДЭРдин эл аралык укук менен аймактык тынчтык жана коопсуздукту этибарга албай суутек бомбасын сыноосун жоопкерчиликсиздик жана чагымчылык аракети катары көрүүдөбүз, аны катуу айыптайбыз»,делди.
Түндүк Кореянын жооптуу кызматкерлери кечээ жаңы өнүктүрүшкөн континенттер аралык баллистикалык ракетага жүктөлө алган суутек бомбасын сынагандарын жарыялады.
Сыноонун натыйжасында аймакта катуу термелүү болду.
Түндүк Кореянын медиа каражаттарындагы жаңылыктарда бул сыноонун өлкөнүн лидери Ким Чен Ындын буйругу менен жасалганын жана ийгиликтүү болгонун жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.