Түркия аракандык мусулмандарды өлтүрүүнү токтотууга аракет кылууда

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу кечээ БУУнун мурунку баш катчысы жана Аракан кеңешүү комиссиясынын төрагасы Кофи Аннан менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

799985
Түркия аракандык мусулмандарды өлтүрүүнү токтотууга аракет кылууда

Президент Р. Т.  Эрдоган жеке өзү аракетке өткөн жана тыгыз дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жаткан бул күндөрдө зулумчулуктун так түрдө токтолушу үчүн аракет кылынууда.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да кечээ БУУнун мурунку баш катчысы жана Аракан кеңешүү комиссиясынын төрагасы Кофи Аннан менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. "Бул ишти түп тамырынан чечүүбүз керек. Дагы бир жолу болбошу үчүн чечүүчү жол табуубуз керек",- деген Чавушоглу үч күндө үч миң  мусулмандын улутчул  буддист тарабынан өлтүрүлгөндүгүнө көңүлдөрдү бурду. 

Чавушоглу президент Р. Т. Эрдогандын жолдомосу менен Ислам Кызматташтык Уюмунун аракетке өткөрүлүшү үчүн түрк тышкы иштеринин негизинде иш баштаткандыгын айтты. 

Түркия дипломатиялык  байланыштары менен бирге аймакка берген гуманитардык жардамдарын да улантууда. Чавушоглу :  "Ушул күнгө чейин берилген жардам көлөмү 70 миллион доллардан ашты. Эки жыл мурда Рамазан айында ошол жерде элек. Бир ооз ачуу тамагын ал жердеги боордошторубуз менен бөлүштүк. Ал жердеги турмуштук шарттар адам жашай ала турган шарттар эмес. Андай ачык аба абагы болбойт",- деди.

Бангладеш өкмөтүнө да чакыруу салышкандарын белгилеген Чавушоглу Бангладеш менен өткөрүлгөн сүйлөшүүдө каалгаларынын аракандык мусулмандарга ачкыла, канчалык чыгымыңар болсо биз камсыз кылабыз деп айтылгандыгын билдирди. 

 

 



Тектеш кабарлар