Түркия АКШнын айыптоосуна каршы чыкты

Түркия 15 -  президенттин коргоочусу 19 киши тууралуу айыптоонун кабыл алынышы жана бул кишилердин соттолушуна чечим чыгарылышына каршы чыкты.

799210
Түркия АКШнын айыптоосуна каршы чыкты

 Түркия президент Р. Т. Эрдогандын АКШга май айында жасаган сапарында чыккан окуя тууралуу 15 -  президенттин коргоочусу 19 киши тууралуу айыптоонун кабыл алынышы жана бул кишилердин соттолушуна чечим чыгарылышына каршы чыкты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Вашингтон аймагынын жогорку сотунун башкы прокурору Вашингтондогу элчиликтин турак жайынын алдында 2017 -  жылдын 16 -  майында болгон окуялар тууралуу айыптоонун кабыл алынгандыгын билдиришине катуу каршы чыкты»,- деп айтылды. Маалыматта булар билдирилди : «Окуянын АКШ жергиликтүү коопсуздук мекемелеринин олуттуу түрдө эреже бузуулары, өкмөтүбүздүн коопсуздугунун түзүлбөшү жана ПКК террордук уюмунун жактоочуларынын провакаияларынан чыккандыгы андан мурда АКШ мекемелерине бир топ жолу билдирилгендигине карабастан окуя болгон жерде болбогон, ал түгүл эч АКШна барбаган ысымдардын да күнөөлөнүшү туура эмес жана тарап жактаган айыптоонун кабыл алынышына катуу түрдө каршы чыгуудабыз. Бул  тууралуу каршылыгыбыз АКШнын Анкарадагы элчисине да билдирилди».



Тектеш кабарлар