Түркия Түндүк Кореянын ракета сынагын айыптады

Тышкы иштер министрлиги Корея Демократиялык Эл Республикасынын 29 -  августтагы баллистикалык ракета сынагын абдан катуу айыптады.

798822
Түркия Түндүк Кореянын ракета сынагын айыптады

 

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Корея Демократиялык Эл Республикасынын 29 -  августтагы баллистикалык ракета сынагын абдан катуу айыптады.

Корея Демократиялык Эл Респуликасынын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин ачык түрдө бузуу менен эл аралык милдеттерине көңүл бурбастан, жоопкерчиликсиздик мамилесин улантып жаткандыгы белгиленди.  Маалыматта  ракетанын коңшу бир өлкөнүн үстүнөн өтүшү Корея Деморкатиялык Эл Республикасынын көкүтүүчү мамилесинин жаңы бир мисалын түзгөндүгү баса белгиленди. Маалыматта : «Корея Демократиялык Эл Республикасынын аймактык, маданий коопсуздук жана ырааттуулугун бузган баллистикалык ракета учурууларын жана башка иштерин токтотуп, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине баш ийүүсү керек»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар