Террор менен күрөш
Коопсуздук күчтөрү жүргүзгөн операцияда 22 террорист өлүү, 2 террорист тирүү колго түшүрүлүп, 10 террорист болсо багынды.
797866
![Террор менен күрөш](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/28f1/1aa0/ec5d/59a3d032c3704.jpg?time=1718768090)
Ички иштер министрлиги террор менен күрөшүү операцияларында акыркы бир жумада 34 террористтин өлтүрүлгөндүгүн билдирди. Коопсуздук күчтөрү жүргүзгөн операцияда 22 террорист өлүү, 2 террорист тирүү колго түшүрүлүп, 10 террорист болсо багынды.
Операцияларда 28 курал, көп сандаган граната менен жарылуучу зат да колго түшүрүлдү.
21 – 28 -август күндөрү жүргүзүлгөн операцияларда 2 миң 849 киши тууралуу триштирүү иши жүргүзүлдү. Коопсуздук күчтөрү 679 социалдык медиа эсеби тууралуу иш алып барды жана аныкталган 242 кишиден алтоосу камоого алынды.