Түндүк Кореяны Түркия дагы айыптады

Түркия Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сыноосун айыптады.

797611
Түндүк Кореяны Түркия дагы айыптады

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) 26-августта БУУнун коопсуздук кеңешинин токтомдоруна карабастан жана аймактагы чыңалууну дагы да күчөтө турган үч баллистикалык ракета учуруунун айыпталганы белгиленди.

Анда, «Корея Элдик Демократиялык Республикасын (КЭДР) БУУнун коопсуздук кеңешинин токтомдоруна бай ийүүгө жана аймакта дагы көп чыңалуу болушуна себеп боло турган ар түрдүү чагымчыл мамиледен алыс турууга чакырабыз»,-деп билдирилди.



Тектеш кабарлар