АСЕАН жана Түркия

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-33

792295
АСЕАН жана Түркия

АСЕАН жана Түркия

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркия Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү биримдигинин (АСЕАН) тармактык диалог өнөктөшү болгонун билдирди. Биз да бул жумадагы программабызда Түркиянын АСЕАН менен болгон байланыштарын жана уюмдун аймакка таасирин талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) 1967-жылы Жакартада түзүлгөн. АСЕАНдын негиздөөчү мүчөлөрү Индонезия, Малайзия, Таиланд, Филиппин жана Сингапур болуп саналат. 1984-жылы Бруней, 1995-жылы Вьетнам, 1997-жылы Лаос менен Мьянма, 1999-жылы болсо Камбоджа АСЕАНга мүчө болду. АСЕАН уюмунун пайдубалы Индонезия, Малайзия, Таиланд, Филиппин жана Сингапурдун тышкы иштер министрлеринин 1967-жылдын 8-августунда Бангкокто кол коюшкан беш беренелик декларация менен түптөлгөн. АСЕАНдын максаты экономикалык, социалдык, маданий, техникалык, билим берүү жана берки тармактарда кызматташтык түзүп, мыйзамдарга жана БУУнун принциптерине урмат сыйдын алкагында аймактык тынчтык жана өнүгүүнү камсыздоо болуп саналат.

АСЕАН жаңы түзүлгөн жылдарда алдыңкы планда болгон кагылышуулардын токтотулушу жана саясий ырааттуулуктун камсыздалышы сыяктуу жагдайлар, Суук согуштан кийинки мезгилде ордун экономикалык кызматташууну бекемдөөчү аракеттерге калтырды. 1976-жылы кол коюлган Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн Достук жана кызматташтык келишими (Amity and Cooperation in Southeast Asia) менен 1995-жылы кол коюлган Түштүк Чыгыш Азия мамлекеттеринин ядролук куралдардан тазаланган аймак келишими (Southeast Asia Nuclear Weapon Free Zone- SEANWFZ) АСЕАНды мыйзамдык жактан да баш ийдирүүчү күчү болгон уюмга айландырды.

Суук согуштан кийинки жылдарда АСЕАН, аймактык тартип жана ырааттуулуктун камсыздалышында таасирдүү уюм болду. Буга кошумча түрдө экономикалык жана коопсуздук жагынан да аймактын негизги пайдубалдарынын бирин түздү. Европа Биримдиги, АКШ, Канада, Орусия, Австралия, Кытай, Япония, Түштүк Корея, Индия, Австрия жана Жаңы Зеландия ушул процессте АСЕАНдын диалог өнөктөшү болду. Түркия АСЕАНга мүчө эмес, анткени АСЕАН өз аймагынан тышкаркы өлкөнү кабыл албайт. Бирок Түркия АСЕАН менен болгон байланыштарын 1999-жылы эле өнүктүрүүнү чечкен. Ушул алкакта тармактык диалог өнөктөшү болуу үчүн ниетин билдирген.

Түркия АСЕАН менен байланыштарын өнүктүрүүнүн биринчи кадамы болгон Достук жана кызматташтык келишимине (ASEAN/TAC) 2010-жылдын 19-23-июлунда Вьетнамда өткөрүлгөн АСЕАНдын тышкы иштер министрлеринин 43-жыйыны убагында кошулду. Достук жана кызматташтык келишимине кошулушу менен бирге Түркиянын Жакартадагы элчилиги ошол эле жылы АСЕАНдын карамагында аккредиттелди. Карым-катнаштардын бекемделишинен кийин Түркия да бир канча күн мурда АСЕАНдын тармактык диалог өнөктөшү болду. АСЕАНдын тышкы иштер министлеринин 50-жыйынына катышуу үчүн Филиппиндин борбор шаары Манилага барган Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын расмий түрдө АСЕАНдын тармактык диалог өнөктөшү болгонун коомдук пикирге билдирди.

Түркия тармактык диалог өнөктөштүгү үчүн 2015-жылы кайрылган. Буга байланыштуу эки жылдын ичинде тыгыз иш-чаралар жүргүзүлдү. Түркиянын жол картасы жана кыймыл планы, АСЕАНга мүчө өлкөлөр тарабынан кубатталды. АСЕАНдын тармактык диалог өнөктөшү болуу үчүн кайрылган башка өлкөлөр да бар. Бирок АСЕАН быйыл бир гана Түркиянын арызын кабыл алды.

Түркиянын дагы бир маанилүү демилгеси Латын Америка жана Африка менен өнөктөштүк саясаты болуп саналат. Бул демилгелер менен бирге Түркия Түштүк Азия аймагына да чоң маани берүүдө. Түркия жакында Лаосто элчилигин ачат. Бул элчилик аркылуу АСЕАН аймагындагы бардык өлкөлөрдүн борбор шаарларында да өкүлчүлүктөрү болот. Түркиянын тармактык диалог өнөктөштүгүнүн негизинде бул аймактагы өлкөлөр менен болгон карым-катнаштары да бекемделет.

АСЕАН жалгыз гана саясий эл аралык уюм эмес, акыркы жылдарда бир эле учурда күчтүү экономикалык уюмга айланды. АСЕАН аймагы менен Түркиянын эки жактуу соода көлөмү көбөйүп баратат жана алдыдагы процессте бул сан дагы да ылдам өсмөкчү. Ошондой эле тармактык диалог өнөктөштүгү аркылуу түрк ишкерлери үчүн аймакта чоң мүмкүнчүлүктөр жаралат.

Түркиянын тармактык диалог өнөктөштүгүнүн эң негизги жактары; адамдык өнүгүү жана саясий алакалардын бекемделиши. Тармактык диалог өнөктөштүгү аркылуу экономикалык байланыштар, маданий карым-катнаштар сыяктуу ар түрдүү тармактарда Түркиянын АСЕАН аймагы менен болгон байланыштары дагы да чыңдалат. Мындан кийинки жылдарда да Түркия, АСЕАНдын жыйындарына, саммиттерине, тышкы иштер министрлеринин жыйналыштарына да расмий түрдө катышат. 2017-жылдан тарта Түркия диалог өнөктөшү статусу менен болсо дагы, эми АСЕАНдын бир бөлүгү болду. АСЕАН алдыдагы мезгилде Түркиянын көп жактуу, проактивдүү тышкы саясатынын маанилүү каналдарынын бири боло тургандай көрүнүүдө.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар