Эрдоган Иордания, Казакстан жана Азербайжанга барат

Президент Эрдоган, алдыбыздагы күндөрдө Иордания, Казакстан жана Азербайжанда расмий жолугушууларды өткөрөт.

792565
Эрдоган Иордания, Казакстан жана Азербайжанга барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясынын жыйналышына катышуу үчүн АКШга барат.

Президент Эрдоган, алдыбыздагы күндөрдө Иордания, Казакстан жана Азербайжанда расмий жолугушууларды өткөрөт.

Иорданиянын хашими падышасы 2-Абдуллахтын чакыруусу боюнча 21-августта бул өлкөгө бара турган Эрдоган, 2017-жылдын 8-10-сентябрь күндөрүндө Казакстанга, 10-11-сентябрь күндөрүндө Азербайжанга барат.

Эрдоган, 19-25-сентябрь күндөрүндө болосо АКШнын борбор шаары Нью-Йоркто өтө турган БУУнун башкы ассамблеясынын жыйналышына катышат.

Президенттиктин маалымдаганына караганда Эрдогандын Иордания сапарында эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатык жана саясий карым-катнаштар менен катар Палестина баштаган аймактык абалдарга баа бериле турганы билдирилди.

Сапардын Түркия жана Иорданиянын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын 70-жылына туура келиши жагынан атайын мааниси бар экени белгиленген.



Тектеш кабарлар