Призидент Эрдоган Иорданияга барат

Президент Эрдоган менен король Абдуллахтын ортосунда төрт негизги тема сүйлөшүлөт

791695
Призидент Эрдоган Иорданияга барат

Призидент Режеп Тайип Эрдоган 21-августта расмий сапар менен Иорданияга барат.

Эрдоган бир күндүк сапарында Иорданиянын королу Абдуллах менен жолугушат.

Президент Эрдоган менен король Абдуллахтын ортосунда төрт негизги тема сүйлөшүлөт.

Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар менен катар Израиль-Палестина келишпестиги, Сириядагы акыркы кырдаал, Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугунда келээрки айда өткөрүлүшү пландалган эгемендик үчүн элдик добуш берүү жана Булуң өлкөлөрүндөгү кризис талкууланмакчы.

Түркия-Иордания карым-катнаштарынын 70 жылдыгына туш келген сапарда туризм, өнөр жай жана деңиз жолдоруна карата таштала турган кадамдардын да каралышы күтүлүүдө.

Эки лидер акыркы жолу, Акса мечитине карай Израилдин чектөөлөрүнөн келип чыккан маселенин чечилүүсү үчүн өткөн айда телефон сүйлөшүүсүн өткөргөн болчу.



Тектеш кабарлар