Сирия түрк аскерлерин күтүүдө

Сирияда убактылуу өкөмттүн премьер  - министри Хатаб түрк аскеринин өздөрү үчүн ишеним булагы экендигин белгилеп : «Калкыбыз түрк аскерине ойлонбостон кучак ачат»,- деди.

790445
Сирия түрк аскерлерин күтүүдө

Сирияда убактылуу өкөмттүн премьер  - министри Хатаб түрк аскеринин өздөрү үчүн ишеним булагы экендигин белгилеп : «Калкыбыз түрк аскерине ойлонбостон кучак ачат»,- деди.

Жеват Хатаб : «Идлиб калкы Орусия жана АКШ сыяктуу күчтөрдүн баскынына күчүнүн жетшинче чыдай алат. Түрк аскери биздин ишеним жана коопсуздук булагыбыз жана аймагыбызга келе турган болсо калкыбыз түрк аскерине кучак ачат»,- деди.

«Йени шафак» гезитине маалымат берген Хатиб : «Сирияда караңгы күчтөрдүн кирдүү иштери менен бетме – бет келип турабыз. Бардык чоң күчтөр көзүн Идлибге бурду. Бул процессте Түркия биздин негизги ишеним жана коопсуздук булагыбыз»,- деди.

 «Түркия болбогон иштерде бардык аймакта адамзаттык кризис тереңдейт»,- деген Хатаб : «Иран колдогон шиит уюмдар АКШ, Орусия жана ПКК Сирия калкы үчүн коркунуч жана душман катары билинүүдө»,- деди. Ушунун негизинде туруктуу чечүүчү жол бир гана : «Түркия да кошулган бир пландын алкагында ишке аша алат»,- деп баа берген Хатаб : «Түрк армиясы адамзаттык баалуулуктарды  кармап турган досубуз жана ар дайым биздин жаныбызда»,- деп Түркияга рахмат айтты.

«Сирия убактылуу өкмөтү Түркиянын Идлиб тууралуу чыгара турган чечимге колдоо берүүгө даяр. Түркия Идлибде бир инциатив менен Сирия калкынын жаңы бир апаатка жетеленишине тоскоол боло турган болсо арабыздагы  бир туугандык байланыштар дагы да күчтөнөт»,- деди  Хатиб.



Тектеш кабарлар