Президент Эрдоган Анталияда элге кайрылды

Эрдоган, АК партиянын жаштарга маани берген партия экендигин айтты.

789455
Президент Эрдоган Анталияда элге кайрылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АК партиянын жаштарга маани берген партия экендигин айтты.

Президент Эрдоган Анталияда кайрылды.

Президент Эрдоган: «Бир убактарда Таксим аянтында 4 аяктуу койсом дагы шайлатамын деген саясатчылар чыкты. Шайлоо да 18, шайланууда 18 жаш болот дедик жана мында ийгиликтүү болдук. Мындайча айтканда жаштарына, жаштыгына баа берген кыймыл, АК партия кыймылы болуп саналат»,-деди.

Эрдоган: «26-августта Малазгирттебиз. Бардык жаштарды чакырамын. Ал жерде бирге болобуз жана Султан Алпарсландын неберелери катары да ал толкунданууну, ал тирилүү кыймылы болгон жерде бардыгыбыз бирге болобуз. Булардын баарынан кийин Чанаккале сыяктуу Малазгиртти да эскеребиз»,-деди.

Эрдоган: «Бүгүн бул жерде кеңейтилген облустук кеңешти өткөрүүдөбүз. Анткени эми Президенттик өкмөт системасынын кадамын таштап жатабыз. 2019-жылдын март айында жергиликтүү шайлоо өткөрөбүз. Андан соң ноябрда парламенттик шайлоо жана Президенттик шайлоо өткөрөбүз. Буга абдан чечкиндүү даярдануубуз керек эмеспи? Убакыт коротууга толеранттуулугубуз болбойт. Карап турбайбыз, жолубузду улантабыз»,-деди.

Президент Эрдоган: «Партиябыздын чатыры астына Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмү (ФЕТӨ/ПДЙ) менен байланышы болгондорду эч качан киргизбейбиз. Жол жакын болуп турганда кайда ФЕТӨ/ПДЙ менен байланышы болгондор бар болсо дароо бизге билдиргиле. Дароо эшиктин оозуна коебуз. Булар бул улутту бөлүштү. Андан кийин уялышпай барып алып Пенсилванияга баш калкалашты, Германияда баш калкалашты, батыштын ар кайсы өлкөлөрүндө баш калкалашты»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар