Премьер - министр Бинали Йылдырым Сирия тууралуу маалымат берди

Сирия жана Иракта жаңы бир мамлекеттин курулушуна уруксат берилбейт.

788455
Премьер  - министр Бинали Йылдырым Сирия тууралуу маалымат берди

Премьер  - министр Бинали Йылдырым Сирия жана Иракта жаңы бир жасалма мамлекетти түзүү аракеттерине уруксат беришпей тургандарын айтты. Премьер  - министр Йылдырым : «Чек араларыбызда, өзгөчө Сирия менен Иракта жаңы бир жасалма мамлекеттин курулушуна уруксат бербейбиз. Бул тууралуу өлкөлөр менен керектүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдөбүз. Шарттар эмне болсо болсун өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктарына,  укугуна, коопсуздугуна каршы кыймыл боло турган болсо өткөн күндөрдө болгондой келечекте да буга жооп бере алабыз»,- деди.

Борбор шаар Анкарада жума намазынан чыгып баратып журналисттердин суроолоруна жооп берген премьер  - министр Бинали Йылдырым : «Ал аймакта 150 километрдик Хатайдын Сирия чек арасында керектүү чараларды көрүүдөбүз. Ал жерлерде акыркы учурларда көзөмөлдү радикал топтор алды. Ал жерлерде жана чек араларда адамзаттык трагедия болбошу үчүн чара көрүп жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар