Түркия коңшуларына жана өнөктөштөрүнө жаслаган санкцияларды бекитпейт

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Орусияга жасалган санкциялардын Анкарага зыян алып келерин айтты.

788442
Түркия коңшуларына жана өнөктөштөрүнө жаслаган санкцияларды бекитпейт

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркиянын Орусияга каршы санкцияларды бекитпегендигин айтты. Чавушоглу бул санкциялардын Анкаранын экономикасына зыян алып келерин белгиледи. Чавушоглу : «Түркия өткөн күндөрдө санкциялардан кыйынчылык тартты. Коңшуларыбызга жана өнөктөштөрүбүзгө каршы жаслаган санкциялар биздин экономикабызга чоң зыян алып келет. Ошондуктан санкцияларды укканда аны бекитпейбиз. Орусияга каршы санкцияларга кошулган жокпуз жана саясий кызматташтыкты тандадык»,- деди.

АКШ айдын башында Орусиянын темир жол, кемечилик, металл жана кен байлык сыяктуу ачкыч секторлорун да ичине камтыган санкция мыйзамын кабыл алган болчу.

 



Тектеш кабарлар