Террорго карата операциялар улантылууда

Бингөл облусунун Генч районунда жүргүзүлгөн операцияда бир аскер шейит болуп, бир аскер жараланды.

787934
Террорго  карата операциялар улантылууда

Бингөл облусунун Генч районунун элетинде жүргүзүлгөн операцияда коопсуздук күчтөрү менен ПКК террористтеринин ортосунда чыккан кагылышууда  бир аскер шейит болуп, бир аскер жараланды. Жараланган аскер дарылануу үчүн ооруканага жаткырылды.

Ошол эле учурда түрк куралдуу күчтөрү тарабынан жикчил террордук уюмга карата Шырнак, Хаккари жана Мардинде жүргүзүлгөн операцияларда бир жумада жалпы 32 террорист өлтүрүлдү.

Операцияларда террористтер колдонгон үңкүрлөр менен ок – дары сактаган жерлер жардырылып, уюмдун негизги финансылык булактарынан болгон банги зат соодасы менен күрөшүүнүн негизинде 346 килограмм банги зат, 6 миллион 726 миң 102 пакет тамеки жана 90 миң литр күйүүчү май колго түшүрүлдү.



Тектеш кабарлар