Түркия жана Япониянын биргелешкен университети курулат

Түрк-Япон илим жана технология университетинин курулуусу жөнүндө мыйзам расмий гезитинин санына кайталанып басылып чыгышы менен күчөнө кирген.

784061
Түркия жана Япониянын биргелешкен университети курулат

Түрк-Япон фондунун жетекчиси профессор, доктор Жафер Тайар Садыклар, эки өлкөнүн ортосунда макулдашылган Түрк-Япон илим жана технология университетинин курулушуна байланыштуу олутту жылыштар болгонун белгилеп, “Курула турган университет техникалык университет болот. Акыркы технологиялык өнүгүүлөр Түркияга жөнөтүлөт. Башка бир өлкө менен муну кыла албайбыз. Бирок биргеликте бир университет болсо алардын ойлоп табылган техникаларын Түркияга алып келүү дагы да оңой болот,” –деди.

Садыклар, “Түркиянын Япония менен тарыхый жана маданий байланыштарына басым жасоо менен карым-катнаштарынын ар тармакта күчтөнгөнүн айтты.

Университеттин курулушу үчүн мурда дагы аракеттер болгонун бирок жыйынтыкта бир түрк инвесторунун каза болушу менен бул долбоор аягына чыкпай калганын түшүндүргөн Садыклар буларга токтолду:

“Ал убактагы премьер-министр азыркы өлкө башчыбыз Режеп Таййып Эрдоган Япониянын премьер-министри менен макулдашты. Бул өкмөттөр арасындагы макулдашуу болду. Университет кайсы жерде курулаары сыяктуу техникалык маалыматтар орун алган макулдашуу Жогорку Кеңешинен өткөрүлдү. Учурда бул университеттин укуктук негиздери даяр жана мындан кийин толукталышы керек. Өзгөчө басым жасай турган нерсе, бул сыяктуу университетке муктаждык чоң. Себеби, япондор техника жаатында алда канча алдыда”.

Садыклар өзүнүн төрт жыл Японияда жашаганын жана япон калкынын Түркияга каршы жан тартуусун жакындан сезгенин билдирди.

Расмий гезиттин 2017-жылдын 24- июндагы санында кайталанып басылып чыккан мыйзам менен мамлекеттик мекемеге караган Түрк-Япон илим жана технология университети жана Түрк-Япон илим жана технология университетинин фонду курулду.

Түрк-Япон илим жана технология университетинин курулуусу жөнүндө мыйзам расмий гезитинин санына кайталанып басылып чыгышы менен күчөнө кирген.

Буга караганда Түркия менен  Япония ортосунда 2016- жылы июнь айында кол коюлган тиешелүү макулдашуунун негизинде ишмердүүлүгүн көрсөтүү менен мамлекеттик мекемеге караган Түрк-Япон илим жана технология университети менен Түрк-Япон илим жана технология университетинин фонду курулду.

Улуттук Билим берүү министрлигинен алынган маалыматка караганда Стамбулдун Пендик районунда “Сабиха Гөкчен” аэропортунун жанында казынага тиешелүү 500 миң гектар аймакты камтыган университте студенттердин көпчүлүгү магистратура жана докторантура билимин алышат.

Бул контексттин негизинде 60-70% магистратура жана докторантура студенттери, 30-40% да бакалавр студенттери орун ала турган университетте тең салмактуулукту инженерия жана негизги илимдер тармагы менен бирге социалдык жана гуманитардык факультеттер болот.

Айрыкча Түркия, Япония жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген академиктерге да университетте кызмат орду берилет.

 



Тектеш кабарлар