Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирак операциясы
Операцияда 3 террорист өлтүрүлдү.
782428
![Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирак операциясы](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/00e3/268b/b78d/595222db18391.jpg?time=1718776613)
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Зап жана Метина аймактарына жасалган аба операциясында кол салууга даярданып жаткандыгы аныкталган 3 террорист өлтүрүлдү.
Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда кечээ түштөн кийин Ирактын түндүгүндөгү Зап жана Метина аймактарына түрк аба күчтөрүнө таандык аскердик учактар тарабынан операция жүргүзүлдү.
Чалгындоо жана байкоо каражаттары менен кол салуу үчүн даярданып жаткандыгы аныкталган 3 террорист өлтүрүлгөн аба операциясында террордук уюмга таандык эки курал буктурмасы, бир үңкүр жана эки баш калкалоочу жер жардырылды.
Шырнактын Силопи районунда да Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоо аянттарынан качкан 6 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынды.